Басып чыгаруу

«Газпром мунайзат /Газпром нефть» – Россиянын эң ири жана тез өсүп келе жаткан мунай-газ компанияларынын бири.

РФ Президентинин Жарлыгына ылайык 1995-ж. «Сибирь мунай компаниясы / Сибирская нефтяная компания» ААК («Сибмунайзат /Сибнефть» ААК) түзүлгөн. Коомдун уюмдаштыруучусу мамлекет болуп калды, ал холдингдин уставдык капиталына өлкөнүн эң ири ишканаларынын: «Ноябрьскмунайгаз /Ноябрьскнефтегаз» ААК, «Ноябрьскмунайгазгеофизика /Ноябрьскнефтегазгеофизика» ААК, «Омск мунайзат иштетүү заводу /Омский нефтеперерабатывающий завод» ААК жана «Омск мунай азыгы /Омскнефтепродукт» ААК акцияларынын мамлекеттик топтомдорун өткөрүп берди. 2005-ж. «Сибмунайзат» ААК акцияларынын Көзөмөлдөөчү топтомун «Газпром» тобу сатып алган. Андан соң, 2006-ж. 13 майда Компания «Газпром мунайзат» ачык акционердик коому деп кайра аталган. «Газпром мунайзат» - бул «Газпром» компаниялар тобунун эң ири ишканасы, өндүрүштүн натыйжалуулугу боюнча Россиянын мунайзат тармагынын көч башы. Компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары – мунайзат жана газ казып чыгаруу, мунайзат-газ өндүрүш кызматы, мунайзатын иштетүү жана мунайзат азыктарын сатуу. «Газпром мунайзат» Россиянын эң ири беш мунайзат компаниясынын катарына кирет. «Газпром мунайзат» өзүнүн МКБ сатуу тармагын өнүктүрүү менен жигердүү иш алып барат, компания өзүнүн авто май куюу бекеттеринин тармагын өнүктүрүүнү дүйнөлүк тажрыйбага негизденип жана базардын жалпы дүйнөлүк тенденцияларына ылайык пландаштырат, аларга универсалдуулукту көтөрүү жана МКБ- де көрсөтүлүүчү кызматтардын катарын кеңейтүү да кирет. Компания Россиянын 17 регионунда жайгашкан 1000ден ашык МКБ иштетет. «Газпром мунайзат» сатуучу ишканаларынын тармагы бүткүл Россияны камтыйт жана жакынкы чет өлкөлөргө жайылган:

  • Белоруссияга
  • Кыргызстанга
  • Казакстанга
  • Тажикстанга

Компаниянын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири МКБ-де «Газпром мунайзат» күйүүчү май картасын колдонуу менен мунай азыктарын накталай эмес төлөөнүн ыңгайлуу жана таасирдүү тутумун уюштуруу болуп калды. Бүгүнкү күндө Компаниянын корпоративдик кардарлары болуп миңден ашуун ишканалар саналат.